ТИМ: Тогуз айда 332 кыргызстандыктын сөөгү чет өлкөдөн алып келинди

Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин көмөгү менен 332 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев 20-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Чет өлкөдө каза болгондордун көпчүлүгү Орусияда. Расмий маалыматтар боюнча дипломатиялык мекемелер аркылуу 2020-жылы Орусиядан Кыргызстанга 285 "Жүк-200" жөнөтүлгөн. Ал эми быйыл беш айда мекенге түрдүү себептерден каза болгон 60 жарандын сөөгү алып келинген.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" мекенине жөнөтүлөт.

Кыргызстандын бир миллиондой жумушка жарамдуу жараны чет өлкөлөрдө убактылуу эмгек миграциясында жүрөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Бээжин Олимпиаданын алдында вакцинанын үчүнчү дозасын сунуштай баштадыКыргыз ишкерлерин кызыктырган "Астана" борборуКыргызстанда балдар арасындагы кылмыштуулук көбөйдүАкыйкатчы тергөө абагындагы келиндин абалына байланыштуу сотко кайрылдыСот депутат Ибраевди карызын төлөөгө милдеттендирдиДүйнө көмүргө кайтты, глобалдык аптап коркунучу Орусиядагы "Кондитер" шоусунда кыргызстандык Анара Мурзакулова жеңдиОшто кыз ала качууга шек саналып эки киши кармалды