Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Кыргызстанда балдар арасындагы кылмыштуулук көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, тогуз айдын ичинде балдар арасындагы кылмыштуулук 25% өстү. Министрлик буга коомдогу социалдык-экономикалык абал таасир этип жатканын, балдарга үйдөн тиешелүү тарбиянын, ата-эне көзөмөлүнүн жетишсиздиги себеп экенин белгилөөдө.

Маалыматка караганда, быйылкы тогуз айда ошондой эле балдарга карата зомбулук күч алган. Жашы жете электерге күч колдонуу боюнча 404 факт катталган. Зомбулуктан 432 бала жабыркаган, алардын 255и кыздар. Жыл башынан бери педофилия фактысы катталган эмес.

Өлкөдө жалпысынан кылмыштуулуктун саны өстү. Тогуз айдын ичинде 66 274 кылмыш иши катталган. Бул былтыркыга караганда 26,4% көп. Өткөн жылы ушул аралыкта 52 434 кылмыш фактысы катталган болчу. ИИМ негизинен уурулук , алдамчылык күч алганын, буга негизинен жумушсуздук себеп экенин билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG