Жыл башынан бери Кыргызстанда адам өмүрүн алган 37 ири кырсык катталып, андан 90 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов басма сөз жыйынында кабарлады.
"Ири өзгөчө кырдаал тууралуу токтолсок, жети чоң жол кырсыгынан жалпы 44 киши, 17 сел каптоодон 10 адам, Баткен облусундагы чек арадагы кагылышуудан 36 киши көз жумду".
2021-жылдын тогуз айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы 4 690 чакырууга барган. Алардын 3083ү өрт кырсыгы болгон. Жалпы кырсыктардын чыгымы 2,5 миллиард сомдон ашык деп эсептелген. (BCh)
Дагы караңыз
Парламент Жогорку соттун үч судьясын шайлады Бөкөнтаев: Улуттук банк "Мегакомду" сатып албайтАрдагер балбан Талант Бегалиев дүйнө чемпиону болду Орусиядагы "Кондитер" шоусунда кыргызстандык Анара Мурзакулова жеңдиЧек ара кызматынын бир катар жетекчилери кармалды