Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:50

Чек ара кызматынын бир катар жетекчилери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери жемкорлукка шек саналып кармалды. Бул тууралуу 19-октябрда атайын кызматтын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов "Азаттыкка" билдирди.

"Алар чек арадан өткөн кишилерди, негизинен өзбек жарандарын опузалап такай акча алып турганы аныкталды", - деди ал.

Колго түшкөндөр - Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Чынарбек Насиев жана "Достук" өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев.

Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесиндеги "Адамдардын тобу тарабынан пара алуу" деген пункт боюнча иликтөө жүрүүдө. Кылмышка шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Быйыл июлда Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Чек ара кызматы муну доомат деп атап, сын-пикирлерди четке кагып келген. (DU)

XS
SM
MD
LG