Баткенде акыркы 31 үй пайдаланууга берүү алдында турат

Баткендеги жаңы курулган үйлөр.

Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Достук айылдарында дагы 31 үй жакынкы күндөрү толук бүтүп, пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков "Азаттык" радиосуна билдирди.

Курбанбековдун айтымында быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда жабыркаган үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 үй жаңыдан курулууда. Мунун ичинен 100 үй Лейлек районунда толугу менен бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылган. Ал эми Баткен районундагы Ак-Сай айылында тогуз үй бүтүп, 18-октябрда пайдаланууга берилген.

Быйыл, 28-30-апрелден 1-майга чейин Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Аларды калыбына келтирүү үчүн атайын эсеп ачылып, карапайым тургундар, ишкерлер, алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар жиберген акча атайын эсепке чогултулган. Натыйжада жалпы 119 млн. 695 миң 848 сом чогулган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болгон, 180ден ашуун адам жараат алган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.(ZKo)

Дагы караңыз

Абактагы Жээнбековдун ден соолугу начарлаганын жакындары билдирдиЕвробиримдик менен Польша Страсбургда бири-бирин сындадыКытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы. Бээжиндин көздөгөнү эмне? Чех президенти кызматын аткара албай калды Талиб өкмөтүнүн ички иштер министри Хаккани жанкечтилерди кубаттадыОстин: АКШ Украинага колдоо көрсөтүүнү улантатШайлоого катыша тургандар такталуудаБалдар арасында сасык тумоо күчөдү Баткен: Элден чогулган акчанын 65,8 млн. сому калды