Дарыгерлер абактагы Саакашвилини ооруканага жаткырууну сунушташууда

Михаил Саакашвили.

Грузиянын Рустав абагында 19 күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан мурдагы президент Михаил Саакашвилинин абалы менен дарыгерлердин тобу таанышып чыкты. Алар түрмөнүн администрациясына мурдагы президентти ооруканага жаткырууну сунушташты.

Бул тууралуу дарыгерлердин бири Зураб Пагава "Интерфакс" агенттигине билдирген.

"Медуза" басылмасы Саакашвилини абактан ооруканага которуу чечимин Грузиянын Юстиция жана саламаттык сактоо министри, жергиликтүү депутаттар чечерин, эң башкысы - ооруканага барууга Саакашвилинин макулдугу керектигин жазды.

Михаил Саакашвили Грузияга 1-октябрда кайтып келген. Грузин күч кызматтары аны "чек араны мыйзамсыз бузду" деген айып менен кармап, камаган. Саакашвили нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган.

Дагы караңыз

Абактагы Жээнбековдун ден соолугу начарлаганын жакындары билдирдиЕвробиримдик менен Польша Страсбургда бири-бирин сындадыКытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы. Бээжиндин көздөгөнү эмне? Чех президенти кызматын аткара албай калды Талиб өкмөтүнүн ички иштер министри Хаккани жанкечтилерди кубаттадыОстин: АКШ Украинага колдоо көрсөтүүнү улантатЭВФ: Быйыл ооган экономикасы 30 пайызга төмөндөйт