Украина менен Орусияда COVID-19дан өлгөндөр жогорку чекке жетти

Донецкинин четиндеги коронавируска чалдыккандарды дарылаган бейтапкана. 5-май, 2021-жыл.

Украина менен Орусияда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын бир күндүк көрсөткүчү эң жогорку чекти көрсөтүп жатат. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 19-октябрда билдиргендей, акыркы бир сутка ичинде өлкөдө вирустан 538 бейтап көз жумду.

Пандемия башталгандан бери Украинада бир күн ичинде COVID-19дан өлгөндөрдүн саны мынчалык жогору болгон эмес. Натыйжада өлкөдө коронавирустун расмий ырасталган курмандыктары 61 миң кишиден ашты.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда акыркы 24 саатта дагы 1015 киши COVID-19дан көз жумду. Пандемия башталгандан бери Орусияда кеминде 225 миң киши өпкөнү сезгентүүчү бул илдеттен кайтыш болду. COVID-19дун курмандыктарынын саны боюнча Орусия дүйнөдө АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турат.

Соңку бир канча айдан бери биринчи жолу Чехияда жана Болгарияда да коронавирусту жугузуп алгандардын саны өсүп жатат. Адистер вирустун тез жайылуучу "Дельта" варианты чөлкөмдөгү өлкөлөрдү тынчсыздандырып турганын айтып жатышат. Мындан улам аларды коронавируска каршы эмдөө жараянын тездетүүгө чакырышууда.

Дагы караңыз

Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракетасын учурдуБир мандаттуу округдан арыз берген талапкерлердин 80и расмий катталдыЧехия президенти Земандын саламаттыгы суроо жаратуудаКаржылык көзөмөл кызматына Улан Сарбанов жетекчи болуп дайындалды