Сокулуктун Новопавловка айлынын 15 жаштагы өспүрүмү жараат алган окуяга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу 18-октябрда “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Кылмыш иш Жазык кодексинин “Бейбаштык” деген беренесинин негизинде козголду. Бала Бишкектеги ооруканалардын бирине дарыланууда.
Ушул эле күнү интернетте Новопавловка айылында өспүрүм балдар “топтошуп урушуп жатат” деген видео тараган. Андан көчөдө 20-30 чакты бала топтошуп жүргөнүн көрүүгө болот.
Милиция териштирүү жүргүзгөндө балдар мушташ же уруш болгону тууралуу маалыматты четке кагышкан. Бул жөнүндө арыз да түшкөн эмес. (RK)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров көмүр кендериндеги коопсуздук маселесин көтөрдүОрусияда мектепте ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалдыАлайбек Алымбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келдиАнталияда Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделди