Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:50

Акылбек Жапаров көмүр кендериндеги коопсуздук маселесин көтөрдү


Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кененинин иши менен таанышты.
Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кененинин иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 18-октябрда Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кениндеги иш менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы кеңешме өткөрүп, күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалууга тийиш деп эскертти. Ошондой эле коопсуздук, тартип меселесин көтөрдү.

"Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат", - деди Акылбек Жапаров.

Жыйында көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды.

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып жүрөт. Буга чейин "Кыргызкөмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфанын" 12 аскери кайтарып жатканы белгилүү болгон. Алар күз жана кыш мезгилинде көмүр кендеги коопсуздукту камсыз кылып турары айтылган. 14-октябрда эле Кара-Кече көмүр кениндеги чыр чыгып, милиция териштирип жатат.


Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган. Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашуун компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны кыркка чукул. (КЕ)

XS
SM
MD
LG