Президенттик администрацияда төрт негизги башкармалык түзүлдү

Өкмөт үйү.

Президенттик администрацияда төрт негизги башкармалык түзүлүп, жетекчилер дайындалды.

president.kg сайтында 18-октябрда жарыяланган маалыматка караганда, Чечимдерди даярдоо башкармалыгына Алтынбек Эргешов, Чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына Кубатбек Кожоналиев, Укуктук камсыздоо башкармалыгына Мурат Укушев, Саясий жана экономикалык изилдөө башкармалыгына Алмаз Исанов жетекчи болуп дайындалды. Администрациядагы бөлүмдөрдү ушул төрт башкармалык башкарат.

13-октябрда Садыр Жапаровдун сунушу менен Министрлер кабинети кайрадан куралган. Анын төрагасы болуп дайындалган Акылбек Жапаров президенттин администрациясын да жетектеп жатат. (BCh)

Дагы караңыз

Өзбекстандын Сох анклавында аэропорт курулдуАкылбек Жапаров "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирдиКыргызстанда бир жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмделди Орусиядан кароосуз калган жети бала Кыргызстанга алынып келдиФранцуз элчиси Минскинин талабынан улам Беларустан чыгып кетти