Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Орусиядан кароосуз калган жети бала Кыргызстанга алынып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда багуусуз калган жети кыргызстандык бала өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, балдарды кайтаруу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен уюштурулган.

Министрлик кайтып келген балдарды оболу биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланын туугандарын табуу мүмкүн болбосо асырап алууга берүү маселеси каралат.

Буга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жүргүзгөн иш-чаранын алкагында 6-октябрда Казакстанда багуусуз калган кыргызстандык эки бала өлкөгө кайтарылган.

Быйыл жыл башынан бери Орусиядан Кыргызстанга ата-энеси таштап кеткен 11 бала кайтарылганы кабарланган.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Ушул жылга чейин Казакстан, Ирак жана Орусиядан 156 бала Кыргызстанга алынып келди. Алардын айрымдары өз туугандарына берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG