ЖК комитети Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына Касымалиеванын талапкерлигин жактырды

Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын расмий өкүлүнүн кызмат ордуна вице-спикер Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды. Бул маалыматты аталган комитеттин төрагасынын орун басары Абдувахап Нурбаев "Азаттыкка" ырастады.

Комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү. Эми буга байланыштуу жарлыкка президент кол коюшу керек.

37 жаштагы Аида Касымалиева ЖК төрагасынын орун басары болуп 2018-жылдын 26-декабрында шайланган. 2017-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болуп келген.

Эмгек жолун "Азаттык" радиосунда баштап, 2004-2008-жылдары. "Азаттык+" жаштар радиопрограммасынын координатору, автору жана алып баруучусу, продюсери кызматтарын аркалаган. "Ыңгайсыз суроолор" программасынын алып барган. Мындан сырткары эл аралык Internews Network, Al Jazeera эл аралык телекомпаниялары менен кызматташкан, КТРКда, Борбордук Азиядагы Америка Университетинде иштеген.

Учурда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматын Миргүл Молдоисаева аркалап келет. Ал 2016-жылы дайындалган. (КЕ)

Дагы караңыз

Өзбекстандын Сох анклавында аэропорт курулдуАкылбек Жапаров "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирдиКыргызстанда бир жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмделди Орусиядан кароосуз калган жети бала Кыргызстанга алынып келдиФранцуз элчиси Минскинин талабынан улам Беларустан чыгып кетти