Орусиянын Екатеринбург шаарында кеминде 18 адам уулуу метил спирти бар жасалма аракка ууланып каза болду. Бул маалыматты Тергөө комитети тастыктаганын "Свобода" радиосу 16-октябрда кабарлады.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, уулуу спирт 2021-жылдын 7-октябрынан 14-октябрына чейин сатылган. Шектүү эки жаран кармалып, кылмыш иши козголду.
Эки апта мурун Оренбург облусунда сапатсыз алкоголго ууланган ондогон адамдын 35и көз жумган.
Дагы караңыз
Коронавирус дагы 70 адамдан аныкталып, эки бейтап көз жумду"Кумтөр иши": Тайырбек Сарпашев кайра камалдыШайлоо: депутаттыкка саналуу гана аялдар аттандыYouTube порталы Eurasianet агенттигинин каналын жапты Электр жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтер жарыяланды