17-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 70 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын экөө каза болду.
Ооруга чалдыккандардын теңинен көбү Бишкек шаарында.
Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө бул ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 179 845 кишиге жетти. Алардын 2634ү көз жумуп, 174 646сы айыкты.
Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Аны 18 жаштан өткөн жарандар алса болот. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн. Кыргыз өкмөтү Кытай, Европа, Түркия жана Орусия өндүрүшүндөгү препараттарды алып келген.
16-октябрга карата 1 миллион 592 миңден көп адам эмделди. Алардын 905 миңден ашууну бир дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты.
Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 241 миллиондон ашты. Алардын 5 миллионго жакыны жашоо менен кош айтышты.