Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 84 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн.
Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Чыгармалары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.
Абылкасымовага "Эл акыны" наамы 1980-жылы берилген. Бир катар мамлекеттик сыйлыктарды, анын ичинде "Токтогул" атындагы мамлекеттик сыйлыкты, III даражадагы "Манас" орденин алган.
Эмгек жолунда гезит-журналдарда, Ош педагогикалык институтунда иштеп, 1995-жылдан "Курманжан датка" фондунда төраганын кеңешчиси болгон.
Дагы караңыз
Электр жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтер жарыяландыКандагардагы жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алдыАба ырайы: күн жылуу болотБийликтин беш жылдык планы