Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

Кандагардагы жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алды


Жардыруудан кийинки көрүнүш.
Жардыруудан кийинки көрүнүш.

"Ислам мамлекети" террордук тобу Ооганстандын Кандагар шаарындагы жардырууга жоопкерчилик алды.

15-октябрда шиит мусулмандары жума намаз окуп жатканда жардыруу болуп, бери дегенде 36 киши өлгөн, 70 адам жараат алган. "Ислам мамлекети" эки жанкечти мечиттин эки жеринде жардыруу уюштурганын билдирди.

Аталган террордук топ бир апта мурда Кундуз провинциясында шииттердин мечитин жардырып, андан ондогон киши көз жумган.

Сунниттик багытты карманган "Ислам мамлекетти" экстремисттик тобу шииттерди "динден чыккандар" деп эсептейт.

Август айында Ооганстандагы бийликти ээлеп алган "Талибандын" өкүлдөрү "Ислам мамлекети" террордук тобун ооздуктай турганын белгилеп келет. Бирок бул топ уюштурган соңку чабуулдар Ооганстандагы туруктуулукка байланыштуу кооптонууларга жол ачып койду.

XS
SM
MD
LG