Түркияда киши колдуу болгон келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда киши колдуу болгон келиндин сөөгү бүгүн, 15-октябрда Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, келиндин сөөгүн алып келүүгө Москвадан апасы барган. Сөөктү алып келүүгө байланышкан бардык чыгымдарды кыргыз өкмөтү көтөрүүдө.

12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган. Бул окуя Түркияда резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишине тыкыр көз салууда. Түрк полициясы 30 жаштагы Аятты кайнатасы өлтүрүп, жиликтеп, таштандыга ыргытып жибергенин билдирген. Маркумдун жакындары кайнатасынын колунан өлгөн келин буга чейин кайындары аны кабыл албай жатканын айтканын "Азаттыкка" курган маегинде билдиришкен.

Түркияга барган кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган. 2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан. 2016-жылы дагы бир кыргызстандык келин бычак жеп, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары аны менен чогуу жашаган киши кармалган. Ушул эле 2016-жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келген кыз эс-учун жоготкон абалда жол жээгинен табылган.

Түрк полициясынын расмий маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө 300 аял өлтүрүлгөн. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылбайт.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" мекенине жөнөтүлөт. (КЕ/ElB)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы: Жүргүнчү тейлөө көлөмү да, сапаты да тийиштүү деңгээлде эмесЛиван атышуунун курмандыктарына аза күтүүдө Адабий сынчы Даутовдун күмбөзүнө эстелик орнотулдуАКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон ооруканага түштүШайлоо-2021: Аял талапкерлер үгүт жүргүзүүнү үйрөнүшөт