Норвегияда беш кишини жаа менен өлтүрүүгө шектелип жаткан 37 жаштагы даниялык адам исламды кабыл алганы айтылды. Бул тууралуу полициянын өкүлү билдирди.
Дагы эки киши жараат алган окуя 13-октябрдын кечинде Ослодон 70 чакырым алыс жердеги Көнгсберг шаарчасында болгон. Жаракат алгандардын бири ал кезде эс алып жаткан полиция кызматкери экени маалымдалды.
Норвегияда 2011-жылдан бери мындай чабуул боло элек болчу. Ошол жылы жайында ашынган оңчул экстремист Андерс Беринг Брейвик 77 кишини өлтүргөн, көбү жаштар лагериндеги өспүрүмдөр эле.
Соңку окуядан кийин адатта куралсыз жүргөн полиция кызматкерлерине куралдануу буйругу берилди. Шектүүнүн адвокаты ал сурак берип, тергөө менен кызматташып жатканын билдирди.
Дагы караңыз
Муфтият жамандоого кабылганын айткан мушкердин окуясына тиешеси жоктугун билдирдиМушкер Рафаэль Физиев жамандоого кабылгандыктан Кыргызстандан кетерин билдирдиНавальный санаалаштарын күрөштү улантууга чакырдыБир мандаттуу округ: Аял талапкерлердин эң көбү Ысык-Көлдө, ал эми Таласта аялдар чыккан жокСокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди