Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальный абактан кат жазып, өзүнүн фондунун кызматкерлерин жана үзөңгүлөштөрүн коррупцияга каршы күрөштү улантууга чакырды. “Ив Роше” иши боюнча соттолуп, Владимир облусундагы колонияда отурган оппозициячынын кол жазмасын “Медуза” сайты жарыялады.
Навальный жакында өткөн шайлоого баасын берип, “Акылдуу добуш берүү” системасы “Бирдиктүү Орусия” партиясын “талкалаганын” айтты.
Саясатчы басым-кысымга карабай командасынын инфраструктурасын сактап калгандыгы үчүн санаалаштарына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Орусиядан кетүүгө аргасыз болгон тарапташтарын өлкөнүн кызыкчылыгындагы аракеттерин улантууга үндөдү.
Январдын этегинде Навальный Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлинде дарыланган.
Кармалгандан соң Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3 жарым жылга колонияга жөнөткөн.
Оппозиционер жана бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шартуу соттолгон. Ага-ини күнөөсүн моюнга алган эмес. Кылмыш ишин саясий буюртма деп баалашат.
Дагы караңыз
Бир мандаттуу округ: Аял талапкерлердин эң көбү Ысык-Көлдө, ал эми Таласта аялдар чыккан жокСокулук районунда чакан ГЭС ишке кирдиШайлоо-2021: Талапкерлердин саны 300дөн ашты (тизме)Борбор азиялык мигранттарга Орусия мунапыс жарыялады Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан талапкерликти көздөгөндөр 381 адам болдуӨзбекстан "каттоо" деген терминден баш тартат