Быйыл дан эгиндеринин түшүмү аз

Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук статистика комитети быйыл өлкөдө дан эгиндеринин түшүмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз экенин кабарлады.

2021-жылы жалпы 533 миң гектар аянттан түшүм жыйналган. 2020-жылга караганда быйыл бир миллион тоннадан ашык эгин аз жыйналды.

Статком кылкандуу дан эгиндеринин аз болуусуна быйылкы жайдын өзгөчө ысык болуп, сугат суунун жетишпей калганын жүйө келтирген.

Жалпы өлкө боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1%, арпанын 48,7%, бакча өсүмдүктөрү 14,6%, мөмө-жемиш 6,5%, картошка 5% жана жашылчанын түшүмү 1,6% азайды.

Кыргызстанда январь айынан сентябрга чейин азык-түлүктүн баасы 7,4%ке өскөн.

Сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан быйыл буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарды. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттады. (BCh)

Дагы караңыз

Туризмге көлөкө түшүргөн Таластагы ээнбаштыкБШК: бир мандаттуу округдан талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктадыТактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жараттыАскердик базалар: Путиндин башы ачылбаган сунушуСузакта тамакка уулангандардын саны 100дөн ашты