Германия Беларус аркылуу келген мигранттардын саны өскөнүн билдирди

Беларус менен Польшанын чек арасына топтолгон мигранттар. 1-сентябрь, 2021-жыл.

Германиянын бийлиги Беларус жана Польша аркылуу келген мигранттардын саны көбөйүп жатканын билдирди. Федералдык полициянын 13-октябрдагы маалыматына ылайык, август айынан бери Германияга мыйзамсыз жолдор менен келген чет өлкөлүктөрдүн саны 4300дөн ашты.

"Беларус багыты" аркылуу Германиянын аймагына кирген жана документи жок мигранттардын арасында Ирактын, Сириянын, Йемендин, Ирандын жарандары бар. Алардын көбү Германиянын Бранденбург штатындагы убактылуу борборлорго жайгаштырылып жатат.

Брюсселдеги жетекчилер Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин "мигранттардын Евробиримдикке өтүп келишин уюштурууда" деп айыптап келет. Буга чейин Германия Лукашенконун мигранттардын агымынын күчөшүндөгү ролун иликтей турганы кабарланган. Лукашенко соңку маектеринин биринде мигранттар өз каалоосу менен Европага кетип жатканын айткан.

29-сентябрда Европа комиссиясы беларус жарандарына жеңилдетилген жол менен виза берүүнү караштырган келишимдин айрым шарттарын токтотуу зарылдыгын билдирген.

АКШ, Евробиримдик жана башка бир катар Батыш мамлекеттери Беларуста былтыр август айында өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин Минскиге бир топ санкцияларды киргизген.

Дагы караңыз

Депутат Райымкулов Матраимовду коргодуBlue Origin 90 жаштагы актер Уильям Шетнерди космоско учурат Түркияда кыргызстандык келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарландыТажик президенти Эмомали Рахмон Парижге барды