Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Blue Origin 90 жаштагы актер Уильям Шетнерди космоско учурат


Актер Уильям Шетнер 2016-жылдын январь айында Калифорнияда өткөн сыйлык тапшыруу аземинде.
Актер Уильям Шетнер 2016-жылдын январь айында Калифорнияда өткөн сыйлык тапшыруу аземинде.

Америкалык миллиардер Жефф Безостун Blue Origin компаниясы 13-октябрда 90 жаштагы канадалык актер Уильям Шетнерди космоско учурганы жатат. Космостук кеме Бишкек сааты боюнча 20:00дө АКШнын Техас штатынан учуп чыгары кабарланган.

Эгер бул сапар ийгиликтүү болсо, анда Шетнер космосту көргөн дүйнөдөгү эң улгайган адам болуп калат. Аны менен кошо космоско НАСАнын мурдагы инженери Крис Бошуизен, клиникалык изилдөөлөр багытында иш алып барган бизнесмен Глен де Врис жана Blue Origin компаниясынын вице-президенти, инженер Одри Пауэрс да учат. Алардын космоско сапары болгону 10 мүнөткө созулат.

Blue Origin жүргүнчүлөр космоско учуп барып келүү үчүн канча акча төлөгөнүн же кимге акысыз учууга уруксат берилгенин так жарыялаган жок. 1960-жылдары "Жылдыздуу жол" сериалында Капитан Кирктин ролун аткарып, атагы чыккан Шетнер компаниядан ага космоско учуп барып келүү сунушу түшкөнүн айткан.

20-июлда Blue Origin жана "Амазон" компанияларынын негиздөөчүсү Жефф Безос баштаган дагы үч жүргүнчү космосту көрүп келишкен. Безостун компаниясы космостук туризмди өнүктүрүү маселесинде америкалык дагы бир миллиардер Илон Масктын SpaceX жана британиялык бизнесмен Ричард Брэнсондун Virgin Galactic компаниялары менен атаандашып келет.

XS
SM
MD
LG