"Мен - Малала" аттуу китептин бет ачары болду

"Мен - Малала" китеби.

"Мен - Малала" аттуу китептин бет ачары 13-октябрда Кант шаарындагы Чүй облустук китепканасында өттү. Иш-чарага китепти кыргыз тилине которгон Бактынур Абдиева жана мектеп окуучулары катышты.

Китепте талибдердин аялзатынын билим алуусуна тыюу cалганына каршы күрөшкөн кыздын тагдыры баяндалат.

Малала Юсуфзай - бүткүл дүйнөдөгү аялзатынын жалпы билим алуусун көздөгөн пакистандык жигердүү кыз. Ал Нобел тынчтык сыйлыгынын эң жаш лауреаты. Малала аскер кабарчысы Кристина Лэмб менен бирдикте өз өмүр баянын жазган. Англис тилиндеги китеби 2013-жылы жарык көргөн.

Талибдер Пакистандын Сват аймагын көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган мезгилде билим алуу укугу үчүн күрөшкөн Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бараткан жолдо автобуста атып кетишкен.

Башынан жарадар болгон 14 жаштагы өспүрүм дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан соң өзүнө келген.

2014-жылы Малала 17 жашында Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татып, кийинчерээк Улуттар Уюмунун эң жаш элчиси болгон.(MZh)

Дагы караңыз

Ташиев: Октябрь ичи дары-дармек кескин арзандайтДепутат Бекешев: Добуш сатып алуунун жаңы ыкмасы пайда болууда (видео)Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын жактырды (видео)Өкмөт Баткен боюнча фонд түзүп, жыл сайын 500 млн сом бөлүүнү пландоодоШайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөр 300дөн аштыСариев жарандык укугу тебеленип жатканын билдирди