Президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту мөңгүлөрдү талкалаган бизнес-ишмердүүлүккө биргелешип каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн 12-октябрда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) алдында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү Конвенциянын мүчөлөрүнүн бешинчи кеңешмесиндеги (КС-15) видеокайрылуусунда айтты.
«Чет өлкөлүк инвесторлордун абийирсиз ишинин натыйжасында биздин тоолорубуз менен дарыяларыбыздын флорасы менен фаунасынын байлыгына доо кетирген кылымдык мөңгүлөрдүн талкаланышына өзүнчө токтолуу керек. Биз биргеликте мындай бизнес-практикаларга каршы турушубуз керек»,- деди Жапаров.
Мөңгү маселеси Кыргызстан үчүн актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Кумтөр алтын кенин иштетип келген канадалык «Центерра» компаниясын кыргыз өкмөтү быйыл мөңгүлөрдү талкалаганы жана экологиялык зыян келтиргени үчүн деген негизде сотко берген. Компания мындай дооматтарды четке кагып келет. (RK)
Дагы караңыз
Ооганстанды каатчылыктан сактап калуу амалыКыргызстанда тогуз айда алкоголь жана тамеки көбүрөөк кымбаттадыБаткен: жардамга чогулган акчанын эсебиӨкмөттүн жаңы сунушталып жаткан курамы белгилүү болду