Шайлоо-2021: Равшан Жээнбеков талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшырды

Равшан Жээнбеков БШКда. 2021-жылдын 12-октябры.

Абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бүгүн 12-октябрда аны БШКга абак кызматкерлеринин коштоосунда алып барышты.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Жээнбеков шайлоого бир мандаттуу округдан катышууга ниеттенип жатканын, аны каттабай коюуга себеп жок деген пикирин айтты:

Равшан Жээнбеков.

“Андай кооптонуу деле жок. Эгер мыйзамды бузса каттабай коет. Башка учурда катташы керек. Бир мандаттуудан да оппозиция барышы керек. Таза шайлоо бир гана учурда болот – эгерде оппозиция парламентке келе турган болсо”.

Саясатчы Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер болууга арыз тапшырды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандар арызын 13-октябрга чейин бериши зарыл. Талапкерлерди каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. (TSh)

Дагы караңыз

Майыптыгы бар балдардын мектебин тезинен оңдоо зарылдыгы айтылды Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет Кыргыз операсынын канайымына айланган бурят кызыПрезидент "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду