Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Президент "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамына кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 6-октябрда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын мүчөлөрү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен беш жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Кыргызстандын жараны, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.

Баш мыйзамдын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчисинин кызматын аткарат.

Өкмөткө мүчө болгондор жана аткаруу бийлигиндегилер ишкердик менен алектенүүгө, шайлоо же референдум маалында административдик ресурстарды колдонууга укугу жок. Жеке кирешеси тууралуу декларация тапшырууга тийиш.

Жаңы майзамда өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтан кетүүсүнө байланыштуу чечимди президент Жогорку Кеңеш менен Элдик Курултайдын сунуштарын эске алуу менен кабыл алары жазылган. Министрлер кабинети жана анын мүчөлөрү мыйзам чыгарууга катышууга укуктуу.

Быйыл 10-февралда Кыргызстанда референдум өтүп, шайлоочулардын көбү Жапаров жактаган президенттик башкаруу формасын тандаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG