Ош-Папан жолундагы көпүрө кулады

Окуя болгон жер. Сүрөт Интернеттен алынды.

Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган негизги автожолдогу көпүрө кулады. Көпүрө 11-октябрь күнү көмүр ташыган автоунаа өтүп бара жатканда кулаганын "Азаттыкка" айыл өкмөт башчы Нурзаман Алимбеков тастыктады.

Алимбеков жүргүнчүлөр Ноокат, Кара-Сөгөт айылдары аркылуу айланып каттап жатканын кошумчалады.

Бул көпүрө Папан айыл өкмөтүнө караштуу аймакка кире бериште, Ош - Папан жолун бириктирген негизги чоң жолдо жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, оор жүк ташыган машина көпүрө менен кошо түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги эки адам секирип чыгып, аман калышты. (DU)

Дагы караңыз

Кашмирде Индиянын беш аскери окко учтуАкылбек Жапаров: Энергосектордун 80% эскилиги жеткен абалда туратКыргызстан 250дөй ооган студентине виза беретНобелдин экономика боюнча сыйлыгы үч окумуштууга берилди