Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы үч окумуштууга берилди

Нобелдин лауреаттарына берилүүчү медал.

Нобелдин экономика тармагы боюнча быйылкы сыйлыгын АКШда иштеген окумуштуу, экономисттер Дэвид Кард, Жошуа Ангрист жана Гидо Имбенс алды. Швециянын падышалык илимдер академиясы 11-октябрда жарыялагандай, Дэвид Кард жумушчу күчүнүн экономикадагы ордун талдаган эмпирикалык изилдөөлөрү, ал эми Жошуа Ангрист менен Гидо Имбенске себеп-кесепеттин байланышын анализдөөгө кошкон методологиялык салымы үчүн дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыкка ээ болушту.

Швед академиясынын расмий билдирүүсүндө айтылгандай, үч окумуштуунун иштери эмгек рыногун дагы жакшы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет жана алардын эмпирикалык же байкоо салууга негизделген изилдөөлөрүн башка тармактарга да колдонсо болот.

Дэвид Кард Калифорния университетинде, Жошуа Ангрист Массачусетс технология институтунда, Гидо Имбенс Стэнфорд университетинде иштейт.

Нобелдин экономика боюнча былтыркы сыйлыгы аукцион теориясына байланыштуу эмгектери үчүн америкалык экономисттер Пол Милгром жана Роберт Уилсонго ыйгарылган.

Экономика боюнча сыйлык ээлеринин аныкталышы менен Нобелдин быйылкы лауреаттарынын баары тандалып бүттү. Буга чейин физика боюнча сыйлык окумуштуулар Сюкуро Манабэ, Клаус Хассельман жана Жоржо Паризиге ыйгарылган. Медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгына "дене табынын рецепторлору жана теринин сезгичтиги боюнча жасаган илимий ачылышы" үчүн америкалык окумуштуулар Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутиан татыган.

Химия илиминде "асимметрикалык органикалык катализаторлорду өнүктүрүүдө" биргелешкен ойлоп табуулары үчүн окумуштуулар Бенжамин Лист жана Дэвид Макмиллан Нобел сыйлыгына ээ болгон.

Өткөн аптада "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов жана филиппиндик журналист Мария Рессага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Нобелдин ээлери алтын медалга жана 1,1 млн. доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Дагы караңыз

Жер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келдиКыргызстанга Польшадан AstraZeneca вакцинасы келдиКыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топторунун жыйыны өттүӨзбекстан Орусиядагы космодромго курулушчуларды жөнөтө баштадыБишкекте университеттик клиника ачылды