Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Өзбекстан Орусиядагы космодромго курулушчуларды жөнөтө баштады


Орусиядагы "Восточный" космодромунун аймагы.
Орусиядагы "Восточный" космодромунун аймагы.

Өзбекстан Ыраакы Чыгыштагы "Восточный" космодромундагы инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн 1466 мигрантты Орусияга жөнөттү. Бул тууралуу орусиялык ТАСС жаңылыктар агенттигине шилтеме кылып, "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өзбекстандык курулушчулардын алгачкы бөлүгү Орусияга октябрдын башында жөнөтүлгөн.

Өзбекстандын тышкы миграция боюнча маселелерди тескеген агенттигинин өкүлү Ортикхужа Норов космодромдогу курулуш иштерине баш-аягы 5 миңдей өзбек жараны тартыла турганын айтты.

Курулушчуларды Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Ички иштер министрлиги тандап алат. Анын алкагында жумушчулардын саламаттыгы жана Орусияга кирүүгө уруксаты бар же жогу текшерилет.

Буга чейин Орусиянын курулуш министринин орун басары Никита Стасишин жакынкы арада Москва Орусияга өзбекстандык 10 миң мигрантты кабыл алуу боюнча схема бекитилгени жатканын билдирген. Ал үчүн өзбек мигранттары коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасы менен эмделиши керектиги айтылган.

XS
SM
MD
LG