Жамбылдагы аскер кампасында дагы жарылуу болду

Жамбыл облусунун Байзак районундагы Сарыкемер айылында жайгашкан аскер кампасында жарылуу болгонун Казакстандын Коргоо министрлиги "Тараз 24" телеканалына билдирди.

"10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Билдирүүгө караганда, бул окуя жумуштан сырткары маалда болуп, жардыруу болгон жерде эч ким болгон эмес жана имарат зыян тарткан жок.

Буга чейин 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн кампасында ок-дарылар жарылып, өрт чыккан. Жүздөгөн адам окуя болгон жерден көчүрүлүп, 17 адам каза таап, ондогон киши жаракат алган.

Дагы караңыз

Москвада ууланган үч өзбекстандыктын абалы канааттандырарлык Чехиядагы шайлоодо премьер Бабиштин кыймылы утулдуТатарстанда аэроклубдун парашютчулары бараткан учак куладыӨзбекстан Кундуздагы кол салууну айыптады