Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:13

Өзбекстан Кундуздагы кол салууну айыптады


Жанкечти бутага алган мечиттин жардыруудан кийинки көрүнүшү.
Жанкечти бутага алган мечиттин жардыруудан кийинки көрүнүшү.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын Кундуз шаарында жума күнү болгон кол салууну айыптады.

Министрлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, ондогон кишинин өмүрүн алып, 150дөн көбүн жарадар кылган чабуулду "адамгерчиликсиз" деп атады.

8-октябрда жанкечти шиит мусулмандарынын Саид Обад мечитин бутага алган.

Кол салуудан бир күн мурун Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кабулда талибдердин тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушкан. Бул тууралуу "Талибандын" Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Каххор Балхи 7-октябрда "Твиттерге" жазган. Ал өзбек министри талибдер менен транзит, энергетика жана соода маселелерин талкуулаганын кабарлаган.

15-августта талибдер ооган өкмөтүн басып алгандан бери Өзбекстандын жогорку кызмат адамы Кабулга биринчи жолу келди. Бирок расмий Ташкент Абдулазиз Камиловдун Кабулга сапары тууралуу үн ката элек.

XS
SM
MD
LG