Москвада ууланган үч өзбекстандыктын абалы канааттандырарлык

Иллюстариция.

Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги Москвадагы жатаканада мигранттын өлүмү менен байланыштуу жагдайды көзөмөлгө алды.

Автоунаа жууй турган станциянын жатаканасында төрт киши ууланып, алардын бири каза тапканы 8-октябрда кабарланган. Алар ошол жерде иштеген өзбекстандык мигранттар болгон.

Орусиянын тергөө комитети мигранттар баңгизатынан ууланган болушу мүмкүн деген божомолду айтууда. Азырынча медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Агенттиктин маалыматына караганда, Орусиянын баш калаасындагы оорукананын реанимациясына түшкөн үч өзбекстандык жарандын абалы канааттандырарлык.

Дагы караңыз

"Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады Татарстанда аэроклубдун парашютчулары бараткан учак куладыБир катар белгилүү саясатчылар "Азаттык" партиясы менен шайлоого катышат Өзбекстан Кундуздагы кол салууну айыптады