АКШда кыргызстандык полициянын огунан көз жумду

АКШ полициясы.

АКШнын Пенсильвания штатында Кыргызстандын атуулу полициянын огунан каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги каргашалуу окуя 5-октябрда болгонун билдирди. Элчилик окуянын чоо-жайын сурап, Пенсильвания штатынын полициясына кайрылды.

28 жаштагы маркумдун жакындары сөөктү Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын документтерди даярдап жатат. Азырынча полиция эмне себептен ок чыгарганы белгисиз.

Социалдык медиада таркаган видеодо жүк ташуучу машинелердин арасында атышуу болгону көрүнөт.

Элчилик маркумдун бир тууганы азыр АКШда экенин, ага керектүү жардам берилип жатканын да министрликке кабарлаган. (BCh)

Дагы караңыз

Нобел сыйлыгынын тынчтык боюнча ээлери аныкталдыУкраинада жикчил топтун танкисти сегиз жылга кесилди  Москвада бир жылда 5,5 миңден ашуун селсаяк каза тапкан Молдовановкадагы №31 абактын жетекчиси пара менен кармалдыУкраин депутаты таксиде каза болдуИндияда киши колдуу болгон келиндин жакындары президентке кайрылды