Түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. 9-октябрда күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Талас облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 8…13;
Нарын облусунда -1…4, күндүз 12…17 градус жылыйт.
9-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 12…14 градус жылуу болот.
Дагы караңыз
Украинада жикчил топтун танкисти сегиз жылга кесилди Москвада бир жылда 5,5 миңден ашуун селсаяк каза тапкан Молдовановкадагы №31 абактын жетекчиси пара менен кармалдыКүрөш: Ослодо кыздар жазган тарых Украин депутаты таксиде каза болду