Украинада жикчил топтун танкисти сегиз жылга кесилди  

Орусия колдогон «Донецк элдик республикасы» жикчил тобунун танктык бөлүгүнүн жоочусу сегиз жылга кесилгенин Украинанын коопсуздук кызматы кабарлады.

Анда бул жикчил топтун танкисти жашыруун түрдө чектөө коюлган жерден кесип өтүүгө аракет жасаган учурда кармалганы айтылат.

Сотко чейинки териштирүүдө кармалган адам жикчилдердин танкалык бөлүгүнүн курамына кирип, украиналык аскер позицияларын аткылаганы аныкталган.

Тергөөнүн айтымында, ал 2016-жылы мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн катарына кошулган. Анда "Дизель" деген аталыштагы танк тобунун механик-айдоочусу болгон.

Мариуполдун Приморский райондук соту аны Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кол салууга, террорчул уюмдун мүчөлүгүнө жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн ишине катышууга

Дагы караңыз

Москвада бир жылда 5,5 миңден ашуун селсаяк каза тапкан Молдовановкадагы №31 абактын жетекчиси пара менен кармалдыКүрөш: Ослодо кыздар жазган тарых Украин депутаты таксиде каза болду

айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратууну караган жаза мөөнөтүн чегерди.