Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарындагы "Ак-Мөөр" жатаканасынын бир бөлүгүндө жашаган тургундар чыгарылды. Жашоочулардын жактоочусу Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, сот аткаруучулар тургундарды чыгарып, акт түзүп кетишкен.
"40тан ашуун сот аткаруучулар "Тез жардам", ӨКМ кызматкерлеринин коштоосунда келип чыгарып кетишти. Ал жерде 40ка жакын социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлө жашайт", - деди ал.
Интернетке жарыяланган тасмадан сот аткаруучулар үйдүн эшигин бузуп жатканын көрүүгө болот. Келдибаев жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте тургундарды жазга чейин чыгарбай туруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.
"Ак мөөр" жатаканасында 80ден ашык үй-бүлө жашайт. Жатакана мурдагы пахта чыгаруучу комбинаттын эс алуу жайы болгон. Ал жердин жашоочулары комбинатта иштеп, кийин туруктуу жашап калышкан.
Жатакананын жашоочулары менен имаратты сатып алган ишкердин соту 2010-жылы башталган. Талаш 2017-жылы Жогорку сотко чейин жетип, "жашоочулар чыгарылсын" деген чечим менен аяктаган. (DU)
Дагы караңыз
Түркмөнстанда ондогон адам кумсалыкка шектелип кармалдыЖаңы мыйзам: мэрлерди президент, айыл өкмөттү акимдер дайындайт"Кыргызкөмүр" Кара-Кечени "альфачылар" кайтарып жатканын түшүндүрдүМээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыктыЫрыскелди: Октябрь окуясында колумду жоготтум