Өзбек-ооган чек арасында маңзат ташыган куралдуу топ менен Өзбекстандын чек ара аскерлери дагы кагылышты.
Президент Шавкат Мирзиёев баңгизат ташуучулар чек араны кесип өтсө, атууга жеке өзү буйрук бергенин билдирди. Ооганстанда апийим өстүргөн плантаторлор чек аралар жабык болгондуктан быйылкы түшүмдү кантип сыртка чыгарып, сатуу амалын издеп, наркотрафиктин жаңы жолдорун өздөштүрүп жатканы айтылды.
Президенттин ыкчам маалыматы
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев соңку мезгилде Ооганстан тараптан маңзат ташып, чек араны бузуп өтүүнү көздөгөн топтор күч алганын билдирди.
Президент Мирзиёев Ооганстан менен чектеш Сурхандарыя облусунун аймагындагы чек арачылардын арасында дагы жоготуу болгонун ырастады.
Шавкат Мирзиёев бул тууралуу Наманган облусунун активи менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Мына кечээ кечкурун дагы автомат менен атышуу болду. Аму дарыя аркылуу маңзат ташыган топ келе жатканда “аларга каршы ок аткыла” деп буйрук бергем. Буга мыйзам дагы жол берет. Бул атышуу маалында биздин бир аскерибиз, намангандык капитан баатырларча курман болду”, – деди Шавкат Мирзиёев.
Капыстан чыккан кагылыш
Ооганстанда “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) бийликти алгандан кийин Ташкент бул өлкө менен алака-катыш сакталарын айтып чыккан.
Бирок өткөн аптада Сурхандарыя облусунун аймагындагы чек ара тозотуна Ооганстан тараптан кол салуу болуп, салгылашта чек ара кызматынын бир капитаны маңзат ташыган куралдуу топтун огунан көз жумду.
Ал эми маңзат ташыган топтон үч адам жок кылынганы айтылды. Буга байланыштуу өзбек-ооган чек арасын кайтаруу күчөтүлүп, кошумча күчтөр жиберилгени белгиленди. Чек араны бузуп өткөндөрдү атууга буйрук берилгени Сурхандарыя облустук акимчилигинин билдирүүсүндө да көрсөтүлдү.
“Бул маалыматты уккан адамдар “Талибдер Борбор Азияны, анын ичинде Өзбекстанды ээлеп алышы мүмкүн” деп чочулап, тынчсызданышы мүмкүн. Ошондуктан мамлекет башчынын бул тууралуу так маалымат бериши элди дүрбөлөңгө алдырбай, тынчтыкка үндөөнү көздөйт. Күчтөр жетиштүү экени жана ага кабатыр болууга негиз жок деген мааниде маалымат берилип жатат”, - деди саясат талдоочу Закир Усманов.
Дагы караңыз Ооган кыргыздары: оору апийимге байлайтТой-мааракенин чыгымын жапкан апийим
Эл аралык серепчилер Ооганстанда апийим айдаган плантаторлор чек ара жабык болгондуктан түшүмдү сыртка сатуу амалын издеп жатканын белгилешти.
Оогандык дыйкан Мухаммад Нодир талибдер алардан салык аларын айтып, апийим айдоого тыюу салууга мүмкүн эмес дейт.
“Талибдер бизге ыраазы. Анткени алар биздин дыйкандар айдаган апийимдин түшүмүнөн чотур алып турушат. Апийимден түшкөн пайда той-мааракелерди өткөрүүгө жумшала турган чоң чыгымдарыбызды жабат. Той өткөрүү абдан кыйын. Ага 1-2 млн. пакистан рупийи керек. Ошондуктан муктаж болгон дыйкандар апийим айдашат. Ансыз биз тиричилик кыла албайбыз”.
Дагы караңыз Наркотрафиктин боюндагы КыргызстанБуга чейин Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылы апийим айдоого, иштетүүгө жана сатууга тыюу салганы кабарланган.
Уюшкан кылмыштуулук боюнча эксперт Гретчен Питерс талибдер тыюу салганы менен маңзаттын киреше булагына көз каранды экенин айтты:
“Азыркы учурда бийликке келген талибдердин өз мамлекетин кантип башкарып кетери аябай кызык. Негизги киреше булагы катары Ооганстан аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдөн акы алуу аракети болушу ыктымал. Орусияга жана Борбор Азияга өтө турган жүктөрдөн миллиондогон доллар төлөтүп анан өткөрүшү мүмкүн. ”Талибан” Ооганстандын айрым аймактарында апийим айдоого уруксат бериши ыктымал. Анткени андан түшө турган пайда Ооганстандагы калктын көпчүлүк катмарынын муктаждыктарын канааттандырат”, – деди эксперт.
АКШнын Ооганстандагы маңзатты иликтеген инспекциясынын маалыматында өлкөнүн 60 пайыз кирешеси апийимден түшкөн кирешеден турат. 2018-2019-жылдары “Талибан” кыймылы маңзат соодасынан 400 млн. доллар пайда көргөн болушу мүмкүн.
Бириккен Улуттар Уюмунун Маңзат соодасына каршы башкармалыгы 2017-жылы Ооганстанда 9900 тонна апийим өстүрүлгөнүн билдирген. Анын жалпы наркы 1,4 млрд. долларга барабар экени белгиленген. Ооганстанда 350 миңден ашуун адам апийим чарбасы менен алектенери айтылган.
Дагы караңыз Ооганстанда апийим, Казакстанда экстремизм көйгөйү