Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын чемпионатынын чейрек финалында. 5-октябрь,2021-ж.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында жарым финалда күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта чейрек финалда орусиялык Марина Суровцеваны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Буга чейин Медет кызы 1/8 финалда болгариялык Мария Гергинова Оряшкованы дагы дал ушундай эсеп менен жеңген.

Айпери Медет кызынын жарым финалдагы атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.

Күрөштүн бул түрүнөн 62 килограмм салмакта кечээ, 4-октябрда Айсулуу Тыныбекова финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда алтын байге үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эртең, 6-октябрда дагы бир кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта килемге чыгат.

2-октябрда Норвегиянын Осло шаарында башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 кг.) коло байге алса, 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен алтын байге үчүн күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Дагы караңыз

Осло-2021: Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңдиБалбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөтОсло-2021: Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөтБалбан Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатында коло байге алды (видео)