Токмок шаарынын прокуратурасы Жалпы медициналык практика борборунда акча кымырылганы аныкталганын билдирди.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жасалма документтер аркылуу коротулган каражаттан улам мамлекетке 2 миллион 502 миң 885 сом зыян келтирилген.
Текшерүүнүн баштапкы жыйынтыгына караганда, борбордун кызмат адамдары айрым кызматкерлерге жасалма келишим аркылуу акы төлөп, кээ бир материалдарды алууда жасалма документ түзгөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") сотко чейинки өндүрүш башталды.
Бул медициналык мекеме мурда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана шаардын аймактык ооруканасы болгон.
Дагы караңыз
"Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" форуму өтөтОоганстандык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилдиШайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болом дегендер 90дон аштыFacebook,Instagram, WhatsApp’тын иши үзгүлтүккө учурады Октябрь окуяларынын сабагы - парламенттик шайлоо