Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

"Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" форуму өтөт


Максат айылындагы ордуна курулуп жаткан үйлөр.
Максат айылындагы ордуна курулуп жаткан үйлөр.

Ушул жылдын 14-октябрында Баткен шаарында "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" аттуу форум өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Форумга өкмөт башчы Улукбек Марипов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын өкүлдөрү, бизнес-омбудсмен, атамекендик ишкерлер катышат.

Расмий маалыматка караганда, иш-чара аймактын экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтөт.

Быйыл апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта күйүп кеткен жана талкаланган Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу толук бүтө элек. Жергиликтүү тургундар көпчүлүк үйлөрдүн 50% курулушу да бүтө электигин айтышууда. Чек арага жакын айылдардын айрым тургундары чатырда жашап жатат.

28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG