Активист Максат Касенов 30-октябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карады.
4-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Касенов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50 тергөө абагында болот. Аталган жайда өтө оор кылмыш жасагандар кармалат.
Милиция аны "киши өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармап, Бишкекке жеткирилген.
Максат Касенов "Улуу Кыргызстан" кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2017-жылы "жапырт мушташка катышканы" үчүн кармалып, кылмыш иши козголгону маалымдалган.
Дагы караңыз
Кыргызстанда 2021-2026-жылдардын диний концепциясы кабыл алындыБалбан Алибек Осмонов дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт"Түндүк электр"ооруканаларга жарык үзгүлтүксүз берилерин билдирдиЮристтердин резиденцияда жашагандар боюнча катына жооп келе элекБишкекте айрым эстеликтердин жанында QR-код орнотулду