"Түндүк электр" мамлекеттик ишканасы саламаттык сактоо мекемелери өзгөчө көзөмөлдө экенин белгилеп, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин билдирди. Бул тууралуу ишкана “Фейсбуктагы” баракчасында кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" мамлекеттик ишканасынын карамагында Бишкек шаары боюнча 24, Чүй облусунда 16 жана Талас аймагында 9 медициналык мекеме бар.
“Авариялык учурларда гана өчүрүү болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда ооруканалар генераторлоруна кошулушу керек”, - деп айтылат кайрылууда.
Буга чейин социалдык тармактарда ооруканалардын жарыгы өчүрүлүп жатканы жөнүндө маалымат тараган болчу.
Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда.
Бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары белгилүү убакытта өчүрүлө турганын билдерген. (TSh)
Дагы караңыз
Балбан Алибек Осмонов дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЮристтердин резиденцияда жашагандар боюнча катына жооп келе элекБишкекте айрым эстеликтердин жанында QR-код орнотулдуАкжол Махмудов машыктыруучусуна автоунаа белек кылды “Пандора кагаздары” дүйнө лидерлеринин байлыгын ашкереледи