Грузиядагы шайлоодо бийликтин "Грузин кыялы" партиясы алдыга чыкты

2-октябрда Грузияда 64 шаардын мэрлигине жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-октябрдагы шайлоодо берилген добуштар 100% саналганын маалымдады. Ага ылайык, бийликтин "Грузин кыялы" партиясы - 40,3%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы - 27,97% , ал эми "Грузия үчүн" саясий партиясы 8,85% добушка ээ болду.

2-октябрда Грузияда 64 шаардын мэрлигине жана жергиликтүү кеңештердин 2100 мүчөсүнө шайлоо болду.

Тбилиси шаардык кеңешине өтүү үчүн партияларга шайлоо босогосу 2,5%, калгандарына 3% түзөт. Жалпысынан шайлоого 43 саясий партия катышты. Добуш берүүгө шайлоочуларлын 51,92% катышты.

Грузиядагы шайлоо былтыр "Грузин кыялы" партиясы шайлоодо утуп чыккандан кийинки саясий кризис убагында өттү. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

2-октябрдагы шайлоону утурлай өлкөгө келген мурдагы президент Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Рустав абагына жеткирилген Саакашвили каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы маалым болду.

Дагы караңыз

Жол кырсыгына кабылган автоунаанын президенттик администрацияга тиешеси жокAdidas компаниясынын мурдагы кожоюну дүйнөдөн кайттыАба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайтКыргыз боксундагы кризис: машыктыруучулардын арызыЖусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы туулуп өскөн айылында белгилендиЭлектр энергиясы 2 сомдун тегерегинде импорттолуп жататБУУнун баш катчысы менен Тажикстандын тышкы иштер министри Ооганстандагы абалды талкуулады