Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Электр энергиясы 2 сомдун тегерегинде импорттолуп жатат


"Датка-Кемин" линиясы, Чүй. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" линиясы, Чүй. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу өлкөдөгү энергетикалык кырдаал, электр энергиясынын баасы, пайдалануу маселеси боюнча жазды. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан сатып алууда. Президенттин айтымында, өлкө электр энергиясын 2010-жылдан бери импорттоп келүүдө. Бирок быйылкы сатып алынган баа башка.

"2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казынадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз",-деп жазды президент Жапаров.

Ал электр энергиясын үнөмдөө боюнча тапшырманы өзү бергенин ырастады. Президент белгилегендей, Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан электр энергиясын гана алат, сугат суу катары Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.

"Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат", - деп жазды президент.


Садыр Жапаров электр энергиясынын үнөмдүү пайдаланылбай, коромжуга учуратылып жатышына - анын арзандыгы себеп деп эсептейт. Өзүнүн быйыл жазында электр энергиясынын баасын эки категорияга бөлүп, кымбаттатуу демилгеси ушул себептен болгонун, аны коомчулук түшүнбөгөнүн да кошумчалаган.

Мамлекет башчы Кыргызстанда акыркы он жылда бир да ГЭС курулбаганын белгилеп, учурда мамлекет өз күчү менен ГЭС кура баштаганын, өлкө 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан толук кутуларын билдирген.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG