Adidas компаниясынын мурдагы кожоюну дүйнөдөн кайтты

Бернар Тапи.

Adidas компаниясынын мурдагы кожоюну, ишкер жана саясатчы Бернар Тапи 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмүнө рак оорусу себеп болгону айтылууда.

Тапи 1943-жылы Францияда туулган. Автожарыш менен алектенип, авариядан кийин спорттон кетүүгө аргасыз болгон. 1967-жылы банкрот болуп калган уюмдар менен иштеген компанияны негиздеген.

1986-жылы "Олимпик Марсель" футбол клубун символикалуу 1 франкка сатып алып, ийгиликке жеткирген. Ал ээлик кылып турган 1986-1994 жылдары клуб төрт жолу Франциянын чемпиону болуп, Чемпиондор Лигасында да ийгиликтерге жетишкен.


1990-1993-жылдары Adidas компаниясын жетектеп турган.

2000-жылдарга чейин саясатка аралашып, Франциядагы солчул радикал партиянын мүчөсү, Улуттук жыйындын депутаты болгон. 1994-1997-жылдары Европарламенттин депутаты болгон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон билдирүүсүндө: "Бернар Тапинин амбициясы, энергиясы жана энтузиазмы француздарга дем берген",-деп белгиледи.

Дагы караңыз

Кыргыз боксундагы кризис: машыктыруучулардын арызыЖусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы туулуп өскөн айылында белгилендиЭлектр энергиясы 2 сомдун тегерегинде импорттолуп жататБУУнун баш катчысы менен Тажикстандын тышкы иштер министри Ооганстандагы абалды талкууладыШайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөндөр саны 76га жеттиПрезидент Кумтөр алтын кени боюнча пикирин жаздыГрузия: БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады"Борбор Азияда интернетке көзөмөл күчөтүлүүдө"Бадахшанда жанкечтилердин атайын батальону түзүлдү