Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында өттү.
Иш-чарага президенттик администрациянын башчысы Сүйүнтбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар жана Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 17 жашында Кызыл Армиянын катарында согушкан. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген.
1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген.
1927-жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат.
1933-жылы сентябрда Абдрахманов Кыргызстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин (Министрлер кабинетинин) төрагалыгынан алынып, партиядан чыгарылган.
1937-жылы июнда камакка алынып, атууга өкүм чыгарылган. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш аймагында ишке ашырылган. Абдрахмановду жарандык реабилитациялоо 1958-жылы, партиялык актоо - 1989-жылы болгон.
Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго быйыл "Кыргыз Республикасынын баатыры" жана "Ак Шумкар" ордени ыйгарылды.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргыз боксундагы кризис: машыктыруучулардын арызыБУУнун баш катчысы менен Тажикстандын тышкы иштер министри Ооганстандагы абалды талкууладыШайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөндөр саны 76га жеттиПрезидент Кумтөр алтын кени боюнча пикирин жаздыЭлектр энергиясы 2 сомдун тегерегинде импорттолуп жататГрузия: БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады"Борбор Азияда интернетке көзөмөл күчөтүлүүдө"Бадахшанда жанкечтилердин атайын батальону түзүлдүЖапаров: Акысыз вакцинаны албай кайдыгерлик кылып жаткандар бар