Экзитпол: "Грузин кыялы" алдыда

Грузиядагы шайлоо учуру. 2-октябрь, 2021-жыл.

Грузиядагы шайлоонун жүрүшүнө бир нече уюмдар сурамжылоо жүргүздү. Ушул тапта 47,6% менен "Грузин кыялы" партиясы алдыда. Оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы 27,1 пайыз добушка ээ болду. Мурдагы өкмөт башчы Георгия Гахариянын "Грузия үчүн" партиясы 6,8% добуш алды.

Бул маалыматтарды сурамжылоо жүргүзгөн Gorbi компаниясына таянып, Imedi со телекомпаниясы кабарлады.

"Мтавари архи" телеканалы Ipsos институтунун маалыматы боюнча "Грузин кыялы" - 38,6%, "Бирдиктүү улуттук кыймыл" - 33%, "Грузия үчүн" 7,6 пайыз добуш алганын кабарлады.
"Формула" телеканалы "Грузин кыялы" - 46%, опозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" - 33%, "Грузия үчүн" 6% добушка ээ болду деп билдирди.

Баштапкы маалыматтар боюнча 2-октябрда өткөн Грузиядагы шаар мэрлерин жана жеригиликтүү кеңештерге добуш берүүгө шайлоочулардын 52% катышты.

Шайлоону утурлай Грузияга келген мурдагы президент, оппозиционер Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалып, камакка алынган. Рустав абагына жеткирилген оппозиционер каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

Дагы караңыз

Жапаров: Жогорку Кеңешти люстрация кылуу шайлоочунун колунда"Президентке кеңешчи болуп, эки эле жолу кезиктим"Президент Кумтөр алтын кени боюнча пикирин жаздыЭлектр энергиясы 2 сомдун тегерегинде импорттолуп жататЭлектр баасы инфляцияга жараша өзгөрөт COVID-19: Жаңы 60 учур катталды, каза болгондор жокАнкарада Жусуп Абдрахмановдун айкели ачылдыСмартфондор үчүн сынбас айнек жасалдыАлексей Навальныйга "Эркиндик рыцары" сыйлыгы берилди