Көп жыл жашаган карыя жубайлар үчүн нике салтанаты уюштурулду

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы бул аймактагы көп жыл бирге түтүн булаткан түгөйлөргө борбордогу Бакыт өргөөсүндө атайын салтанат уюштурду.

“Жакут той”- үйлөнгөнүнө 60 жыл болгон эки жуп, “алтын той” - баш кошконуна 50 жыл болгон 14 жуп салтанаттуу түрдө нике каттоочу китептерге кол коюп, Бакыт өргөөсүндө жакындары менен сүрөткө түштү.

Бул иш-чара 1-октябрь карылар күнүнө карата уюштурулганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

БУУнун маалыматына караганда, Кыргызстанда 60 жаштан улуу адамдар жалпы калктын 8% түзөт. (BCh)

Дагы караңыз

“Сомо” компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча журналисттик иликтөө жарыяландыСадыр Жапаров үйүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бердиОш базарында дагы өрт чыктыПрезиденттин басма сөз кызматы мамлекет башчынын атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды