“Сомо” компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча журналисттик иликтөө жарыяланды

Иллюстрациялык сүрөт.

15 мүнөттө насыя алууга азгырган, өзүн ломбард атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн журналист Али Токтакуновдун “МедиаХабы” иликтеп чыкты.

Анда аталган компаниянын ээси латвиялык бизнесмен экени, Латвиянын өзүндө ишмердүүлүгү чектелгени тууралуу айтылган.

"Латвиялык бизнесмендин дүйнөгө жайылган микрокредиттик уюмдарынын бири “Сомо” миң сомдон 50 миң сомго чейин зайым берет. Журналисттер анын сайтындагы калькулятор менен эки вариантты эсептеп көрсөтүштү. Анда эгер кардар 1000 сом насыя алса, бир айдан кийин 1495 сом кайтарып бериши керек. Муну пайызга чакканда бир айлык үстөк 49,5% болот. Ал эми бир жылга чачканда 594% жеткен",-деп билдирди журналист Али Токтакунов.

Иликтөөдө сурамжылоого катышкан жүздөн ашуун кишинин басымдуусу “Сомодон” 10 миң сомдун тегерегинде насыя алып, кайтара албай калганын айтышкан. Компания карызды убагында төлөй албагандарга жиберген коркутуп-үркүтүүлөрү сүрөтү менен жарыяланды.

"МедиаХаб" иликтөөнүн жүрүшүндө “Сомонун” негиздөөчүлөрү Латвияда катталган Sun Finance Central Asia жана SIA P3 Capital (жаңы аты Capital KG) аттуу компаниялар экенин аныктаган. Бул эки компания тең латвиялык Айгарс Кесенфелдс аттуу адамга таандык болуп чыккан.

Быйыл февралда RE:Baltica иликтөө борбору Кесендфелдс тууралуу кенен материал жарыялаган. Анда дүйнөнүн 20га чукул өлкөсүндө Кесенфелдс жалгыз же өнөктөштөрү менен 150 компанияга ээлик кылары жазылган.


"Сомо" компаниясы сыяктуу электрондук терминалдан ыкчам, бирок кымбат үстөк пайыз менен насыя акча берген компаниялар Кыргызстанда көбөйүп, андан карыз алган эл кайтара албай кыйналып жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да парламент отурумунда айтып чыкты.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев 30-сентябрдагы отурумда финансы уюмдарына лицензия берген органдардын жана жогорку үстөк менен элдин чөнтөгүн кагып жаткан микрокредиттик компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылды.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек-Торугарт жолунда кыймыл чектелетАдвокаттардын II курултайында жаңжал чыктыТилекмат Кудайберген уулу 27-абакка которулдуЭне-баланы салбай кеткен айдоочу жумуштан алынды"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси акыл-эстүү киши кечки саат 10го чейин сейилдей турганын айттыСооронкулова тыңшоого байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылатТүркия түркмөн президентин сындаган активистти бошоттуБаткен коогасынын катышуучулары ардагер макамын талап кылышууда