Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:47

Сооронкулова тыңшоого байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова Башкы прокуратурага жана акыйкатчыга кайрыларын "Азаттыкка" билдирди.

Буга анын жарандык активист Рита Карасартова менен Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү соцтармактарга жайылып кеткени себеп болгон.

Сооронкулова мунун артында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) турат деп шек саноодо.

"Биздин Телеграм каналдан шайлоо тууралуу сүйлөшкөнүбүз кимге кызык? УКМК саясий оппоненттерине карата ушундай жашыруун ыкмаларын колдонуп жатканы өкүнүчтүү. Тилекке каршы биз мыйзамсыздык, адилетсиздик менен жалгыз калдык. Күч структурасы каалаганын кылып, аларды "кой-ай" деген эч бир орган болбой жатат. Буга чейин бизди милиция тыңшап жүргөнү аныкталганда да, прокуратура менен Омбудсмен институту үн каткан эмес".

Сооронкулова Телеграм жана башка соцтармактардагы баракчаларын, каналдарын бузуу аракети дайыма болуп келе жатканына токтолду.

"Реформа" саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен жарандык активист Рита Карасартованын Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү бүгүн, 30-сентябрда соцтармактарга тараган. Анда алдыдагы шайлоо тууралуу сөз болгон. Сооронкулова сүйлөшүү кескиленип, монтаждалганын белгиледи.

29-сентябрда бийликти сындап жүргөн юрист Сания Токтогазиева да өзүнүн Телеграм-аккаунтуна чабуул жасалганын билдирип, бул үчүн күч кызматтарын айыптаган.

Клара Сооронкулова баштаган жүздөй адамдын телефон аркылуу сүйлөшүүсүн милиция тыңшап жүргөнү, ага сот уруксат бергени сентябрдын башында белгилүү болгон. Оппозиционер айым ИИМдин бул аракетине нааразы экенин билдирип, тыңшоого уруксат берген судьяны, тыңшоо жүргүзгөн милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылган. Ички иштер министрлиги былтыркы октябрь окуяларын тергеп-иликтөөнүн алкагында ондогон адамдын телефону бир ай бою тыңшалганын мойнуна алган.

"Реформа" саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен чогуу бара турганын жарыялаган. Жарандык активист Рита Карасартованын шайлоого катышары азырынча белгисиз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG